Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Э. Байсалов: К. Бакиев акыркы аброюн жок кылды


Мындай пикирин утурумдук өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов "Азаттыкка" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бүгүн Минск шаарында “президенттиктен кеткен эмесмин” деген сөзүнө карата билдирди. “Курманбек Бакиевдин эки жүздүүлүгү кыргыз элине белгилүү болгон, эми дүйнө коомчулугуна белгилүү болду. Ошол учурда Казакстан, Орусия, АКШ президенттерине жалынып атып сыртка чыгып кеткен. Белорусиянын коногу катары ошол жакка барып да калпычы катары көрүнүп жатат. Бул эл аралык коомчулукка дагы бир сабак болду. Ал өзүнүн накта жүзү кандай экенин көрсөтүп жатат,” – деди Э.Байсалов. Ал Кыргызстанда абалдын стабилдешпей жатканына бир гана Бакиев күнөөлүү экенин белгиледи. Ошондой эле Убактылуу өкмөт К.Бакиев менен сүйлөшүүгө барбай турганын, аны президент катары тааныбай турганын кошумчалады.

Курманбек Бакиев бүгүн Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, анда президенттик кызматын тапшырган эместигин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG