Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Иран ракеталарын сыноодон өткөрөт


Ирандын революциялык гвардиясы 22-апрелде Перси булуңунда аскерий машыгуу баштоодо. Гвардиянын кол башчы орун басары генерал Хосейн Саламинин ырастоосунда, машыгууга жөө аскерлер, аба жана деңиз күчтөрү катышат. Машыгуу Перси булуңундагы, Хормуз кысыгы жана Оман булуңундагы коопсуздукту сактоону көздөйт, - деп кошумчалады генерал. Анын жүрүшүндө Иранда жасалган ракеталар да сыноодон өткөрүлмөкчү. Хормуз - стратегиялык жактан өтө маанилүү кысык. Ал аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунан мунай ташыган кемелердин дээрлик 40 проценти өтүп турат.

XS
SM
MD
LG