Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

“Манас” банкынан М. Бакиевдин жакындарына таандык 7 миллион доллар табылды


Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө тобу “Манас” банкынан мыйзамдуу тинтүү жүргүзүү маалында Пак Ульяна Юрьевна жана Ким Сергей Вячеславович аттуу адамдардын эсебине катылып коюлган 6 млн 936 100 АКШ долларын жана 2 млн 490 миң сом акча каражаттарын таап алды. Ошондой эле Ульяна Пак жана Вячеслав Ким аттуу адамдардын атына жазылган ар кандай уюштуруучу документтер, ар кандай фирмалардын мөөрлөрү, Бишкектин Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун, Ысык-Ата, Сокулук райондорунун салык инспекцияларынын герб түшүрүлгөн мөөрлөрү, чарчы штамптары табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө У. Ю. Пак аудитордук компаниялардын бирөөндө башкы директор, ал эми Ким Вячеслав Карлович жана Ким Сергей Вячеславович Максим Бакиевдин жакын адамдарынан болуп эсептеле турганы аныкталды. Азыркы учурда бул фактылар боюнча тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таркатты. (КС)

XS
SM
MD
LG