Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

MGN Groupтун башчысы Е.Гуревич Алматада кармалды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев УТРКдан берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Е.Гуревич Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан жакын арада Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичти экс-президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен биргелешип, Кыргызстан Орусиядан алган миллиондогон насыя каражаттарды каалагандай калчаган деп шек саноодо. Башкы прокуратура өткөн жумада М. Бакиевге каршы "Кызмат абалынан пайдалануу” жана “Мамлекеттик насыяны максатсыз пайдалануу” кылмыш ишин козгогон.
Е.Гуревич Кыргызстанда Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарган “MGN Group” компаниясыны жетектеп келген. Февраль айында Италия өкмөтү аны эл аралык шылуун деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Мындан соң Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштап, чет өлкөгө чыгып кеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG