Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Жалпы элдик референдум 27-июнда өтөт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев кечээ Улуттук теле каналда берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоору 25-апрелде коомчулукка талкууга сунушталат. Ал ошондой эле парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленгенин, балким президенттик шайлоо дагы 10-октябрда өткөрүүлөрүн маалымдады. Ө.Текебаевдин билдиришинче БШК боюнча убактылуу жобо кабыл алынып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү жарандык коомдун, үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын, үчтөн бир бөлүгү БУУ баштаган эларалык уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. БШКнын төрайымдыгына белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова дайындалганын кабарлаган Ө.Текебаев Кыргызстанда таза, ачык, демократиялык шайлоо өткөрүлөрүн айтты.
Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана К.Гфеллер убактылуу өкмөт башчынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев менен кечээги жолугушууда АКШ өкмөтү Кыргызстанда референдум жана таза шайлоо өткөрүүгө каржылык жардам көрсөтүлөөрүн айтты. Референдум жана шайлоо өткөрүүгө жалпысынан 450 миллион сом жумшалары кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG