Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Улан Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, кечээ аталган кызматтын өкүлдөрү Казакстандын Баш прокуратурасына телефон чалып, сүйлөшкөн. Сүйлөшүүдө казак тарап Е.Гуревич кармалганы тууралуу расмий маалымат жок экенин айткан. Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын Баш прокуратурасынын Е.Гуревичти кармап берүү тууралуу сураныч катын алгандыгын жана өтүнүч Е.Гуревичтин кайда жүргөнү так белгилүү болгондо ишке аша турганын айткан.
Кечээ убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев УТРКдан берген маегинде Е.Гуревич Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын, жакын арада Кыргызстанга өткөрүлүп бериле турганын айткан.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичти экс-президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен биргелешип, Кыргызстан Орусиядан алган миллиондогон насыя каражаттарды өз максатында пайдаланган деп шек саноодо. (AiJu)