- Сиз жана партияңыз парламенттик башкаруу системасына өтүү идеясына кандай карайсыз?
- Бул идея боюнча биз 2005-жылдан баштап эле күрөш жүргүзгөнбүз. “Туран” партиясына чейин парламентте депутат болуп турганда биз парламенттик өлкөгө өтүү керек тууралуу "Реформа кыймылы" парламентте түзгөнбүз, аны биз активдүү түрдө колдогонбуз. 2006-жылы 7-ноябрда биз парламенттик өлкөгө жакындаган Конституцияны кабыл алганга чейин жетишкенбиз. Бул биринчи жеңишибиз болгон. Ошондуктан ушул күнгө чейин бизде парламенттик өлкө куруу идеясын жүйөлүү деп эсептейм.
- Парламенттик системанын оң жактарын айта кетсеңиз?
- Негизи парламенттик системанын эң жакшы жагы, биздин өлкөдө бийликтин эң башкы булагы - эл. Эл кайсы партияны жалдаса, кайсы партия жеңишке жетип, же бир нече партия жеңишке жетсе, негизги бийликти ошол партиялар жүргүзөт өлкөдө, экономикасын аныктайт, ошондой эле сырткы, ички саясатты жүргүзүшөт. Ал жерде бир үй-бүлөнүн, же жеке адамдын тууган-туушкандары, же классташтары, же жек-жааттары башкарбастан, ошол парламенттик көпчүлүк, сапаттуу шайлоонун элегинен өткөн партиялар бийликти жүргүзөт.
Же тиги, же бул партия элдин алдында уят болуп, же айткандарын аткара албай, же кандайдыр бир жеке кызыкчылыкка тартыла баштаса, анда сөзсүз түрдө анын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн президент аны таратып, башка парламентти шайлоого мүмкүнчүлүк болот, бирок президент ички ишке кийлигише албайт. Илгертен бери кыргыз мамлекетинде курултай аркылуу кандайдыр бир жеке адамдын бийлиги эмес, кеңеш аркылуу башкарылып келген. Биз болгону гана илгерки биздин 100 жылдык мурдагы тарыхыбызга кайрылып, мамлекеттик системаны тарыхыбызга жараша улантабыз деген ойдо турабыз.
- Тайырбек мырза, Кыргызстандын саясий партиялары ошондой чоң жоопкерчиликти алууга даярбы?
- Эл өзү шайлоого даяр. Биздин шайлоочубуз тигил же бул партияны, менин жакын тууганым, жердешим ушул партияда экен деген ойго берилбей, так жана ар бир саясатчынын саясий репутациясына карата добуш берип сапаттуу тандаса, анда партияны андан ары жүргүзүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анткени биздин билимдүү, илимдүү интеллигенциябыз да бар, шайлоочуларбыз да абдан билимдүү, бардыгы саясатты түшүнүшөт. Эң башкысы бизде жеке адамдын бийлиги болбой тургандыгын 15-20 жылдан бери так түшүнүп бүттү, мындан башка бизде альтернатива жок экенин жалгыз гана мен эмес, катардагы адамдар да түшүнүп турушат.
- Бул жолку шайлоо мурдагы жылдардагыдан жакшы жагы менен айырмалант деп ишенесизби?
- Менин ишеничим абдан чоң. Бул талкууланбаш керек. Бүгүнкү күндөгү убактылуу өкмөттүн, убактылуу бийликтин эң башкы милдети - Конституцияны элдик талкуудан өткөрүп туруп бекитип алуу. Экинчиси так жана таза шайлоо өткөрсө, сөзсүз түрдө мамлекет экономикалык жана идеологиялык жагынан чоң секирик жасайт деген ишенимдемин.
- Таза шайлоо жөнүндө айтып кеттиңиз. БШКнын башына белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова дайындалыптыр. Сиз буга кандай карайсыз?
- Негизи Төлөйкан Исмаилова көптөн бери биздин парламенттик республика болуш керек деген идеялар үчүн күрөшкөн айымдардын бири. Анын үстүнө шайлоо комиссиясынын төрайымы болгону менен ал жерде шайлоо комиссиясынын добушу күчкө ээ болот. Мага жеткен маалыматтар боюнча шайлоо комиссиянын добуш берүүчү мүчөлөрү ар кайсы партиядан болот дагы, көзөмөл катуу болот.
- Ар кайсы партия дегенде ири чоң партиялар да, себеби өзүңүз билесиз Кыргызстанда партиялардын саны көп?
- Ири партиялардан болот дагы, негизги парламентке катыша турган партиялар болушу мүмкүн, же кандайдыр бир 5-10-15 жылдык тарыхы бар партиялар болушу мүмкүн. Аны туура эмес тандалды деген шекке келтирбешибиз керек, бизде коомчулук бар, талап кылган эл бар. Алардын алдында жең ичинен ишти бүтүрөт деген ойдон мен таптакыр алысмын. Бул шайлоонун ачык-айкын өтөөрүнө мен терең ишенем.
- Тайырбек мырза, сиздин партия бул шайлоого даярданып жатабы?
- Бул жөнүндө биздин партияда эч кандай сөз азырынча боло элек. Анткени азыр жалгыз партиялардын эмес, ар бир кыргыз жарандарынын башында турган милдет - бул өлкөдөгү стабилдүүлүктү ордуна келтирүү, жаңы келген өкмөттү таанып, аны түптөлүп, бутуна турушуна жардам берүү.
Үчүнчү маселе, биз сөзсүз түрдө биздин мындан аркы багыттын фундаменталдык негиздерин аныктап ала турган Конституцияны так жана айкын, сапаттуу жазып, аны референдумдан өткөрүү тууралуу маселе алдыда турат. Ошондуктан Конституцияны талкуулап, акыркы чекити коюлмайынча шайлоо жөнүндө сөз козгош азыр эртерээк деп ойлойм.
- Рахмат