Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Курсан Осмонов: Өмүрбек Осмонов бычактан эмес, октон өлгөн


Өмүрбек Осмоновдун тууганы Курсан Осмоновдун “Азаттыкка” айтымында, маркумдун сөөгү Ноокат районундагы Жар-Коргон айылына алынып келинип, кечээ кечке маал жерге коюлду. Анын ырасташынча, Өмүрбек Осмонов бычак жеген эмес, атылган октон каза тапкан. Ал эми туугандары анын тың, түз жүргөн жигит экенин белгилешип, бул кырсык боюнча көп нерсени билсе керек, күбө катары өлтүрүлдү деп жатышканын “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди.

2009-жылы 13-мартта экс-президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун жол кырсыгынан мерт болушуна айыптуу делип 12 жылга жатак-абакка кесилген Өмүрбек Осмоновду 17-апрелде Беш-Күңгөй айылында бычактап өлтүрүп кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Бул маалымат учурда такталууда деп билдирди “Азаттыкка” Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров. Ал Ө.Осмоновдун 12-апрелде камактан качып кеткенин, 21-апрелде анын сөөгү моргдон табылганын айтып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG