Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Р.Отунбаева: Биз эл аралык бизнес үчүн ачыкпыз


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Эл аралык ишкер борбору уюштуруп жаткан тегерек үстөлдө билдирди. Ал Убактылуу өкмөт учурда оор кырдаалды, оор сыноону башынан өткөрүп жатканын айтып, оболу өлкөдө коопсуздук маселесин, баш-аламандыкты токтотууга аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. Ал эми “Кентор Голд” компаниясынын аймактык директору Хью Маккинен чек-ара, банктардын иштебей жаткандыгы алардын ишмердүүлүгүнө тоскоол болуп жатканын белгилеп, “Биз иштей берсек болобу” деген суроосуна Р.Отунбаева “Биз каржылык колдоого муктажбыз. Биз эл арылык ишкерлердин, инвестицияга жасаган аракетин колдойбуз. Дүйшөмбү күндөн тартып чек ара да, банктар да иштей баштайт”, - деп жооп берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG