Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

АКШ Убактылуу өкмөттү сөз эркиндигин калыбына келтирүүгө үндөдү


АКШ элчилигинин бүгүн тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын сыйлоого чакырып, сөз эркиндигин калыбына келтирүүгө үндөгөн. “Эркин ММКлар ой бөлүшүүгө көмөк болот жана демократиялык башкаруунун негизги компоненттери болуп саналат”, - деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле сөз эркиндигин коргоо БУУнун адам укуктары боюнча декларациясында жазылганы белгиленген.

Мындай билдирүү таратууга айрым ММК өкүлдөрүнүн арызы себеп болгонун элчиликтин басма сөз катчысы Мишель Евркиндин “Азаттыкка" билдирди.

Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген өкүлү Элмира Ибраимова 22-апрелде басма сөз эркин болушу керектигин, ал үчүн бардык шарттар көрүлөрүн “Азаттыкка” билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG