Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Утурумдук өкмөт бейөкмөт уюмдарга БШК жетекчилигине бирдиктүү талапкерди көргөзүүнү сунуштады


Мындай сунуш “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова БШКны жетектөөдөн баш тарткандан кийин жасалып олтурат. Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун жетекчиси Турат Акимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, БШК жетекчилигине бирдиктүү талапкер 29-апрелге чейин көргөзүлүүсү керек.

Төлөйкан Исмаилова бүгүн БШКны жетектөөдөн баш тартуусун убактылуу өкмөттүн жетекчилик кызматтарга дайындоо процедуралары мыйзамга ылайык келбестигин, ушундай эле тартип БШК мүчөлөрүн дайындоодо да колдонулгандыгы менен түшүндүрдү:

-Ошон үчүн биз азыр кеттик. Анткени биринчиси, БШКнын мүчөлөрүн да жабык режимде дайындап коюшкан. Жарандык сектордун мүчөлөрү мага айтты, шайлоо болушу керек, процедуралар болушу керек деп.

БШКнын жетекчилигине Т.Исмаилованы дайындоо чечимин Убактылуу өкмөт 22-апрелде кабыл алган. Учурдагы өкмөт түзүп жаткан БШКнын курамы 19 адамдан турат. Алардын ичинен 7 орун саясий партияларга, 6 орун бейөкмөт уюмдарга, 6 орун БУУнун мандаты менен келүүчү өкүлдөргө берилген. (UE)

XS
SM
MD
LG