Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

НАТО Ооганстан боюнча планды макулдашты


Түндүк атлантикалык альянска кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Таллиндеги бүгүнкү жыйында Ооганстандагы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрө баштоонун шарттарын макулдашты. Макулдашуу коопсуздук боюнча көйгөйлөр бардыгына жана ооган күчтөрүн машыктыруучулар тартыш болуп жатканына карабай жетишилди. Уюмдун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен жыйындын соңундагы пресс- конференцияда буларга токтолду:

-Бизде эч иллюзия болбошу керек. Ийгиликке жетишүү жеңил эмес жана тез ишке ашпайт. Бирок жеринде биз көрүп жаткандарга, биздин күчтөр, ооган жана эл аралык күчтөр аймактарды алып жатканына, ооган өкмөтүнүн буту өтө оор аймактарда да орун тапканына таянуу менен мен оогандарга жоопкерчиликти өткөрүүнү быйыл баштай алабыз деп үмүттөнөм.

НАТО жана АКШ Ооганстандан аскерлерин 2011 –жылдын жайынан тарта чыгара баштоону белгилөөдө. Башкатчы Расмуссендин айтымында, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн даярдоо үчүн НАТО учурда кошумча 450 машыктыруучуга муктаж болуп турат.

Бул аралыкта бүгүн Ооганстандын чыгышындагы уруштардан НАТО эки аскерин жоготкону белгилүү болду. Командачылыктын билдиргенине караганда, Логар провинциясында кечээ кечинде орун алган урушта беш козголоңчу да жок кылынган.

XS
SM
MD
LG