Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Апрелде каза болгондордун кыркына карата иш-чаралар өтөт

Апрел ыңкылабындагы кагылышууда каза болгон жарандардын кыркылыгы 14-майда өз үйлөрүндө өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн өкүлү Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, 12-майда алардын ата-эне, жакындарын чогултуп, Ата-Бейит көрүстөнүндө, андан соң борбордун аянтта куран окутулат. Ошондой эле Тарых музейинде сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү маркумдардын ата-энелери менен жолугушат. К.Иманалиев маркумдардын кыркылыгына карата дагы ар кыл маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылып жатканын билдирди.

6-7-апрелдеги кагылышууда 85 адам каза болуп, бир жарым миңдей адам жаракат алган. (AiJu)
XS
SM
MD
LG