Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Убактылуу өкмөт коопсуздук боюнча комиссия түздү


Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаеванын жарлыгы менен өлкөдө биротоло коопсуздукту камсыз кылуу, 7-апрелдеги жарандардын өлүмүнө себепкер кылмышкерлерди издөө, улуттар аралык кагылыштарды, талап-тоноочулукту болтурбоо максатында атайын комиссия түзүлдү. Аталган комиссиянын жетекчилигине Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев дайындалды. Андан тышкары комиссиянын курамына коргоо министринин, ички иштер министринин, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын, башкы прокурордун милдетин аткаруучулар киришкен.

Аталган жарлыкка ылайык Каржы министрлигине ири операцияларды жасоого каражат бөлүү тапшырылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG