Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Армяндар массалык кыргындын курмандыктарына аза күтүүдө


АКШ президенти Барак Обама биринчи дүйнөлүк согуш маалында түрк аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн армяндардын арбагына таазип этип, бирок ал окуяны “геноцид” катары баалоодон карманды. Арменияда ал каргашалуу окуялардын 95 жылдыгы кеңири белгиленип, курмандыктар элесине арналган эстеликке жүз миңдеген адам гүл койду. Армения президенти Серж Саркисян элге кайрылган сөзүндө 95 жыл мурунку окуя улут тарыхына орду толгус кайгылуу кесепеттер алып келгенин айтты. Түркия ал кыргын геноцид, же тукум курут болгонун четке кагып, армяндар анда жарандык согуштун курмандыктары болгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG