Бул тууралуу “Азатыкка” билдирген “Ак шумкар” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акуновдун айтымында, аталган партиянын мүчөсү Тынарбек Мусаевди төрт күн мурда белгисиз адамдар катуу сабап, ооруканага жаткырылган. Анын сабалганы боюнча кылмыш ишин козготуп, шектүүлөрдү табуу боюнча укук коргоо органдарына жардам берип жаткан иниси Улан Мусаевди дагы белгисиз адамдар катуу токмоктоп, ал учурда ооруканада оор абалда. Кечээ (25-апрелде) кечинде болсо “Ак шумкар” партиясынын дагы бир мүчөсү Өмүрбек Акуновду Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн алдынан бет кап кийишкен белгисиз адамдар катуу сабап, ал дагы ооруканага жеткирилди.
Өмүрбек Акунов 2007-жылы апрелде Бириккен фронт уюштурган митингдин чегиндеги ачкачылык акциясынын катышуучусу маркум Бектемир Акуновдун бир тууган иниси. Б.Акунов мындан үч жыл мурда 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган болчу. (AJ)