Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:39

Венгрия: Социлисттерди ФИДЕС жеңди


Венгрияда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын натыйжасын кошкондо ФИДЕС - Мадьяр жарандык альянсы жана Христиан-демократтык партия парламенттеги мандаттардын 68 процентин алды. ФИДЕСтин лидери Виктор Орбан салыктарды кыскартып, өкмөттүк кызматтардагы чиновниктерди кыскартам, өлкөнү кризистен чыгарам деп сөз берди. Анын айтышынча, оңчул ФИДЕС 386 депутаттык орундун 262ине ээ болду. Бул депутаттардын төрттөн үчүнөн көп болгондуктан алар зарыл болсо конституцияны жеңил эле өзгөртүшөт.

Петр Варнай деген будапешттик жаш шайлоочунун Ройтер агенттигине айтышынча:

- ФИДЕСтин көпчүлүк болгону чечимди тез кабыл алганга мүмкүндүк берет жана өкмөт убакытты бекер коротпой аракеттенет.

Акыркы сегиз жылда бийликте болгон социалисттерди шайлоочулардын 15 проценти колдоп, 59 мандатка ээ болушту. Шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин Венгрия социалисттик партиясынын жетекчилиги түгөл кызматтан кетти.

XS
SM
MD
LG