Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Кыргыз-Кытай чек арасында жер титиреди


25-апрелде түшкү саат эки жарымдар чамасында Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз-Кытай чек арасы жакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Торугарт айылы тарапта катталып, күчү 4,5 баллга жеткен. Бул маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматов “Азаттыкка” тастыктап, жердин силкинүүсүнөн жапа чеккен, жабыр тарткандар жок экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG