Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

“7-апрель” кыймылы Белорус элчисине беш талап койду


“7-апрель” кыймылынын мүчөлөрү бүгүн Белорустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгып, талаптарын кат жүзүндө элчиге тапшырышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Анын айтымында, талап беш пункттан турат. Алар: Кулатылган президент Курманбек Бакиевди тез арада кайтарып берүү, ага саясий качкын деген макам бербөө, Белорус мамлекетинин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу, Белорус президенти Александр Лукашенкону массалык маалымат каражаттары аркылуу кыргыз элинин абийирине, ар-намысына шек келтирген сөздөр менен чыгып сүйлөбөө жана расмий түрдө кыргыз элинин алдына кечирим сурасын деген талаптар. “Эгер жогорудагы талаптар аткарылбаса кылмышкер Бакиевди жөнү жок арачалап, өз өлкөсүндө кармап турган үчүн А.Лукашенко эл аралык сот алдында жоопко тартылсын” - деп жазылат катта.
Ушул эле күнү түштөн кийин аталган кыймыл БУУнун алдына пикетке чыгат. Алар 6-7-апрелдеги кандуу окуя боюнча эл аралык комиссия убакытты уттурбай иликтөөнү эртерээк иштесин деген талап менен чыгып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG