Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Казакстан Кыргызстан менен чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарууну улантат


Өлкөнүн ички иштер министри Серик Баймаганбетов бүгүн мунун зарылдыгын коңшу өлкөнүн чек арасында ок атуучу куралдын көп топтолгондугу жана анын Казакстан аймагына өтүү коркунучу али сакталып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бирок казак ички иштер министри азырынча Кыргызстандан Казакстанга курал өтүү фактысы катталбаганын кошумчалады. Серик Байганбетовдун айтымында, чек ара азыр чек ара күчтөрүнүн, ички аскерлердин, полициянын катуу кайтаруусунда турат. “Күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө коңшу өлкөдө коомдук –саясий абал нормалдашканга чейин жүргүзүлө берет”,- деди казак ички иштер министри бүгүнкү өкмөттүк саатта. Кыргыз –казак чек арасы 7- апрелдеги окуялардан бери жабык турат. Кыргызстандан Казакстанга казак жарандары гана өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG