Улуттук коопсуздук кызматынан алынган маалыматка караганда, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конганитиев бул кызматтын тергөө абагында кармалууда жана ага байланышкан кылмыш ишин Башкы прокуратура тергейт.
25-апрелде Орусиянын Биринчи телеканалы Москвада Федералдык коопсуздук кызматы Молдомуса Конгантиевди кармап, Кыргызстанга депортациялаганын кабарлаган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бул маалыматты тастыктаган.
Учурда Конгантиевдин тарапкерлери аны бошотууну талабы менен Майлы-Суу шаары менен Бүргөндү айылынын ортосунда Бишкек-Ош жолун тосуп турушат. (КЕ)