Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Нью- Делиде Индия жана Ооганстан лидерлери жолукту

Ооган президенти Хамид Карзай менен Индия премьер- министри Манмохан Сингх бүгүнкү сүйлөшүүлөрү учурунда согушкерлердин аймактык стабилдүүлүккө коркунуч келтирген аракеттерине каршы чара көрүлөрүн эскертишти. Индия учурда Ооганстандагы кайра куруу иштерине жигердүү катышууда жана 2001-жылы Талибан режими бийликтен кулатылгандан бери Кабулга 1 миллиард доллардан ашуун жардам көргөзгөн. Нью- Делидеги бүгүнкү сүйлөшүү Кабулда жанкечтинин чабуулунан тогуз индиялык каза тапкандан эки айдан соң болду. Индия тарап бул кол салуу үчүн согушкерлердин Пакистанда жайгашкан Лашкар –е- Тайба тобун айыптаган.
XS
SM
MD
LG