Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Ирак суннилеринин партиясы БУУну арачылыкка чакырды


Иракта парламенттик мандатка талапкер 52 адам үчүн берилген добуштар жокко чыгарылды. Юридикалык эсептөө комиссиясы аларды Саддам Хусейндин тыйуу салынган БААС партиясы менен байланышы бар деп тапты.

Мурдакы премьер-министр Аяд Аллави ал башындагы “ал-Иракия” дүниябий (секулярдык) блогу чечимге каршы экенин жана өлкөдөгү жагдайды айрым группалардын көзөмөлдөгөнү тынчсыздарганын Анкарада сапарда жүрүп билдирди:

- Ирак дале Улуттар Уюмунун уставынын 7-беренесинин мандаты астында болгондуктан, биз Улуттар Уюмун өз укугун колдонууга чакырмакчыбыз. Саясый процессти сактоо үчүн Улуттар Уюмунун кийлигишүүсү зарыл. Анткени добуштарды саноо жана кайра саноо саясатташып кеткен.

Парламенттик шайлоодо суннилер колдогон “ал-Иракия” альянсы парламенттеги 325 орундун 91га ээ болгон. Премьер-министр Нури Малики башындагы шиит блогу 89 мандат алган.

XS
SM
MD
LG