Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Бүгүн Покровкада митинг улантылат


Жети-Өгүз районунун тургундары Убактылуу өкмөткө нааразы болушууда. Алар Координациялык кеңештин эки жолку отуруму менен райондун акими кызматына Ысык-Көлдө апрел ыңкылабын уюштуруучулардын активдүү катышуучусу Бакыт Айтакуновду шайлап алышкан. Кечээ Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов Убактылуу өкмөттүн буйругу менен Жети-Өгүз районунун акими болуп Эсенбек Сатылганов дайындалды деп районго тааныштырганы барганда эл нааразы болушуп митинг өткөрүштү.
Жети-Өгүздүктөр Убактылуу өкмөт мурдагы бийлик өкүлдөрүн кайрадан кызматка орноштурганына жана СДП партиясы менен Ата Мекен партиясынын ортосунда кызмат талашуу жүрүп жатканына тынчсызданышып, көл өррөнүндө адилет бийлик орнобосо мөөнөтсүз акцияларды уюштура тургандыктарын билдиришүүдө.
Бул тууралуу Жети-Өгүз районунда элдик бийлик орнотуу демилгечи тобунан “Азаттыкка” кабарлашты.

Буга чейин кеминдиктер районго дайындалган аким (аким болгонго чейин автоунаа оңодогон уста) Сабыр Абдыласовду жана Токмок шаарынын мэрин алмаштыруу талабы менен Жаңы-Алыш айылынын жанында жол тосушкан. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын башка аймактарында дагы кездешүүдө. Карапайым эл болсо Убактылуу өкмөт кадр саясатын өтө начар жүргүзүп жатат деп нааразы болушууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG