Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Баш Прокуратура К. Бакиевди Минскиден алып келүү боюнча аракетти баштады


Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда бул тууралуу кат бүгүн-эртең Беларустун Башпрокуратурасына жолдонот. Экс-президентти алып келүү укуктук жардам берүү боюнча Кишинев Конвенциясынын негизинде ишке ашмакчы. “Бул Конвенцияга Кыргызстан, Белорусия да мүчө. Ага ылайык Бакиевди экстрадиция кылуу мүмкүнчүлүгү бар” – дейт Бекназаров. Кечээ Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти К. Бакиевди кол тийбестик укуктан ажыраткан декрет чыгарган. Кыргызстандын Баш прокуратурасы К. Бакиевге Кылмыш-Жаза Кодексинин "массалык киши өлтүрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык кылып пайдалануу" беренелери боюнча оор айыптарды коюуда. (EK)

XS
SM
MD
LG