Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Жаштар убактылуу өкмөттөн бир айлык иши үчүн отчет талап кылышат


Бишкекте эки күндөн бери Жаштар форуму өтүүдө. Форумга катышкан жаштардын 17 коомдук кыймылдарынын 12-си коалицияга бирикти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында “7-апрель” кыймылынын лидери Эрмек Мамырканов билдирди. Анын айтымында жаштар убактылуу өкмөттөн бир айлык иши үчүн отчет беришин талап кылат. Бийлик сересинде мурдагы эле адамдар жүргөнүн айтып, жаштар убактылуу өкмөттүн курамында иштегилери келээрин билдирип жатышат. “Утурумдук алаксытып туруу үчүн убактылуу өкмөт жаштар иштери боюнча министрлик түптөй калышты” –деген жаштык өкүлдөрү Башмыйзамдын өзүнчө вариантын даярдагынын айтып жатышат. Ага ылайык Жогорку Кеңештин 40 пайызын – саясий партиялар, 40 пайызын – жаштар, 20 пайызын – аймактагылар түзмөкчү. (EK)

XS
SM
MD
LG