Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Түштүктө таратылган баракчалар боюнча иликтөө башталды


Бул тууралуу шаршемби күнү кабарчыларга ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков билдирди:

-Бул маалымат боюнча топтор түзүлдү, алар иштөөдө. Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында бирөөлөр кармалса, алар ким экендиги, качан кармалганы, кандай баракча менен кармалганы, чагымчыбы же жокпу, массалык маалымат каражаттарына кабарлайбыз.

Ошто, Кара –Сууда, Жалал - Абаддын айрым райондорунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 7-апрелдеги кан төгүү үчүн жоопкерчиликти убактылуу өкмөткө жүктөгөн кайрылуусу жазылган дисктер менен бирге таратылган ар баракчаларда Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түзүү чакырыгы айтылган. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшебаев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде баракчаларды тараткандар катары бакиевчилерди жана алардын жактоочуларын атады. (UE)

XS
SM
MD
LG