Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Москванын бийликтери “Кыжырдануу күнүн” өткөрүүгө уруксат берди


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын билдиргенине караганда, оппозициячыл топтор менен адам укугун коргоочу активисттер ушундай аталыштагы нааразылык акцияларын өткөрүүгө борбордун бийликтеринен биринчи жолу расмий уруксат алышты. Нааразылык акциясы 1-май күнү өткөрүлөт. Демонстранттар Москванын мэри Юрий Лужковдун, Москва облусунун губернатору Борис Громовдун кызматтан чегинишин талап кылууну көздөшүүдө. Алар ошондой эле өкмөттү Орусия аймактарынын башчыларын тикелей шайлоо тартибин калыбына келтирүүгө чакырышмакчы. “Кыжырдануу күнү” деген атылыштагы нааразылык акциясы буга чейин 20-мартта өткөрүлгөндө, полиция демонстранттарды күч менен таратып, алардын 70тейин камакка алган.

XS
SM
MD
LG