Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

ИИМ мыйзамсыз сакталган куралдарды тапшырууну өтүнөт

Ички иштер министрлиги өлкө жарандарынан мыйзмсыз сакталган куралдарды 1-майга чейин ыктыярдуу түрдө ички иштер органдарына алып келип тапшыруу өтүнүчү менен кайрылды. ИИМдин маалыматына караганда 6-7-апрелдеги баш аламандыкта ири сандагы курал-жарактар, жардыргыч заттар белгисиз адамдардын колуна өтүп кеткен. Кимде ким өз ыктыяры менен 1-майга чейин курал-жарактарды тапшырса алар жоопкерчиликке тартылбайт. Мыйзамсыз курал, ок-дары сактагандар жана жанына алып жүргөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген. (AJ)
XS
SM
MD
LG