Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана ага жакын адамдарга акчаларды адалдоо, кирешелерди легалдаштыруу жана мыйзамсыз бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча коррупциялык схемасынын негизинде 23 кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга караганда келтирилген чыгымдардын көлөмү 2 милиард сомдон ашат.
Бул кылмыш иштеринин алкагында «MGN group» компаниясын маалымат жактан камсыздоо боюнча “Флекси коммюникейшин” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов камакка алынып, акча каражаттарын мыйзамсыз легалдаштырып алган делип айыпталууда.
«MGN groupтун» мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичке сыртынан кылмыш иши козголуп, ага дагы акча каражаттарын мыйзамсыз легалдаштырып алган делип айып тагылган.
Азимбек Бекназаров буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн В.Халилов, М.Надел, А.Елисеев, А.Ширшовго да кылмыш иштери козголгонун белгилеп, булар апрель ыңкылабы алдында “АзияУниверсал Банктан” 157 млн. доллар чыгарып кеткенин билдирген болчу.(AJ)