Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Молдомуса Конгантиев ооруканага которулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иниси Кубан Конгантиев билдирди. Анын маалымдашынча, убактылуу өкмөт мүчөлөрү экс-министрдин ден-соолугуна байланыштуу аны суракка алууну кичине кечеңдетүүгө макул болушту. Кечээ М. Конгантиевдин жакындары убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мурунку ички иштер министри ушул жуманын башында Орусиянын Москва шаарында кармалып Кыргызстанга алынып келингени маалымдалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып турган. М. Конгантиев 6-7-апрелдеги кандуу кагылышууларга байланыштуу айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG