Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

“7-апрель” кыймылы казак элчилигине нааразылык кат тапшырды


Бүгүн “7-апрель” кыймылы Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акция өткөрдү. Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” анда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин медиа форумда Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуяга берген терс баасы үчүн кыргыз элинен кечирим сурашын, апрелдеги кандуу окуялар боюнча айыпталып жаткан Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандагы мурунку мамлекеттик кызматкерлерин өткөрүп беришин, Кыргызстан менен чек арасын ачышын талап кылып кат тапшырылганын билдирди. Ө. Токтонасыровдун айтымында, чек араны жабуу негизсиз. Анткени Кыргызстанда атуулдук согуш болгон жок. “7-апрель” кыймылынан маалымдашкандай нааразылык акцияга чыккандар менен казак элчисинин кеңешчиси Талгат Жолдасов жолугушту. Ал Кыргызстандагы кандуу кагылыштарда жүздөгөн курал элдин колуна өтүп кеткенин, ошондуктан чек ара убактылуу жабылып турганын айтты. Алардын талаптарын элчиге жеткирерин убада кылды. Казак элчилиги азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG