Вашингтондо жайгашкан бейөкмөт уюм жер жүзүндөгү ар бир алты адамдын бири гана сөз эркиндигинин үзүрүн көрөөрүн белгилейт. Көз карандысыз маалымат каражаттары болбогон, же алар алгылыктуу иштей албаган өлкөлөрдүн арасынан Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларус жана Иран аталды. 30 жылдан бери дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалына баа берип келаткан Фридом Хаус Кыргызстанды «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарында, 196 өлкөнүн ичинен 73 орунда атады. Орусияда сөз эркиндиги былnыр дагы начарлап, жети жылдан берки «эркин эмес» макамын сактап калды.