Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Aмерикалык өкүлдөр бала багып алууну орус өкмөтү менен талкуулады


АКШнын Мамлекеттик департаментинин делегациясы менен Маскөөдөгү сүйлөшүү жети жаштагы Артем Савлевди америкалык бакма энеси жалгыз учакка отургузуп, Орусияга жиберип ийгенден кийинки талаштуу жагдайды жайгарууну максат кылат. Бул окуядан кийин Маскөө америкалык ата-энелерге бакканга бала берүүнү токтотуп койгон.

Бүгүнкү сүйлөшүүдөн кийин орус президентинин балдардын укуктары боюнча атайын өкүлү Павел Астахов жаңы келишим жетишилет деген үмүтүн билдирди:

- Менимче макулдашуу жетишилет. Орус-америкалык жумушчу тобу түзүлдү. Анын курамында бала багып алуу жана орус балдарды багып алган бүлөлөрдү көзөмөлдөө менен алектенген бардык мекемелердин өкүлдөрү кирди.

Астаховдун айтымында, тараптар эми 12-майда жолугушат.

XS
SM
MD
LG