Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

АКШ Мамкатчысы Иран президентине кулак какты кылды


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча 3-майда болчу эл аралык конференцияны бузуу аракети ишке ашпасын эскертти. Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу башкеңсесинде өтчү жыйында Ядролук куралдарды жайылтпоону дагы бекемдөө чаралары талкууланат. Жыйынга Ахмадинежад барат деп боолгонуда.

Конференция Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасына каршы БУУнун Коопсуздук Кеңеши жаңы санкция киргизүүсүнө аракеттенип жаткан тушта өтүүдө. Бейшемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү БУУдагы жыйын учурунда АКШлык жана ирандык дипломаттардын “бетме-бет кездешпегени ылайыктуу болорун” билдирди.

XS
SM
MD
LG