Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Ноокат окуясы боюнча кылмыш иши Жогорку Сотко өткөрүлдү


Жаңы жагдайларга байланыштуу Ноокат окуясы боюнча ачылган кылмыш иши Жогорку Соттун кароосуна берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, бул маселени атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгып, ушундай бүтүмгө келген.

Убактылуу өкмөт 27-апрелде Улуу жеңиштин 65 жылдыгына жана 7-апрелде курман болгондордун элесине арнап мунапыс жөнүндө декрет кабыл алып, ал Ноокат окуясы боюнча камалган же ушуга байланыштуу изделип жүргөндөргө карата колдонула турганын билдирген.

Өткөн жылы 1-октябрда Ноокатта орозо айт күнү баш аламандык болуп, райадминистрациянын терезесинин айнектери талкаланган. Буга байланыштуу 32 адам кармалып, 19-майда Жогорку Сот тарабынан алардын көпчүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү, тополоң уюштурган делип айып тагылып 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG