Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Убактылуу өкмөттүн чечимдерин текшерүү үчүн коомдук комитет түзүлөт


Бул тууралуу кечээ өкмөттүн жыйынында айтылды. Коомдук комитетти өлкөдөгү жарандык уюмдар түзүп жатат. Комитет убактылуу өкмөттүн чечимдеринин, иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана андагы мыйзамдуулукту, гендердик тең салмактуулукту сактап жана коррупциянын алдын алып иликтөө жүргүзүү үчүн түзүп жатат. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, бул маселе Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен макулдашылды. ПРООН коомдук комитеттин ишине техникалык дагы башка жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG