Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

К. Жороевдин тарапкерлери нааразылык акцияга чыгышты


Бүгүн экс-президент Курманбек Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Каныбек Жороевдин жүздөн ашуун тарапкери Жогорку Кеңештин алдында пикет өткөрдү. Алар убактылуу өкмөттөн К. Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Нааразылык акцияга чыккандардын бири Роза Ибрагимова “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү К. Жороевдин тарапкерлерин биринчи күнү кабыл алышарын билдиргенин, жуманын башында кайра пикетке чыкканы жатышканын маалымдады.
Азырынча бул суроо-талап боюнча Убактылуу өкмөттүн пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.
Кечээ Башкы прокураратура К. Жороев өз эрки менен сурак бергени келгенде камакка алынганын кабарлады. К. Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын абагында камалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG