Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Ошто милиция 1-майда жаңжал чыгаргандарды кармап суракка алууда


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Курсант Асанов маалымат жыйынында билдиргендей, 1-майга караган түнү Ошто темир жол бекетинде өзбек улутундагы ишкерлер чет өлкөдөн ташылып келинген автоунааларды түшүрүп жатышканда, аларга кыргыз улутундагы эки жигит тийишип, акча талап кыла баштаган. Эки тарап урушуп, орто жерде кагылышуу чыгып кеткен. Милициянын оперативдүү тобу кагылышууну убагында барып басып, ишкерлерди тоноого аракеттенген адамдар дароо кармалды. Алардын үстүнөн жарандарды опузалаган жана акча талап кылган деген доо менен кылмыш иши козголду.

Полковник Курсант Асанов массалык маалымат каражаттары аркылуу жердештерине кайрылып, азыркыдай кыйчалыш кезеңден пайдаланып коркутуп-үркүтүү жолу менен пайда табууга аракеттенгендер тууралуу дароо милицияга билдирүүгө чакырды. (ATo)

XS
SM
MD
LG