Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Грекия өкмөтү Евробиримдик менен Эл аралык Валюта Корунун чукул жардамы тууралуу жарыялайт


Бүгүн (жекшембиде) Грек өкмөтү чукул жыйын өткөрүп, анда расмий Афинанын дефолт жарыялашына жол бербөө үчүн Евробиримдик менен Эл аралык Валюта Кору көрсөтчү чукул жардам боюнча келишимге жетишилгенин жарыяламакчы. Болжол менен 120 миллиард евро көлөмүндөгү жеңилдетилген шарттагы насыя грек өкмөтүнүн жаңы антикризистик чараларын жүзөгө ашырууга пайдаланылат.

1-майда Афинада жана Салоникада миңдеген демонстранттар көчөгө чыгып, өкмөттүн салыктарды көбөйтүү жана социалдык төлөмдөрдү азайтуу планына нааразылыгын билдиришти. Афинада полиция менен демонстранттардын кагылышуусу орун алды.

Грекиядагы каржылык кризистин айынан евронун наркы төмөндөдү жана дүйнөдөгү баалуу кагаздар базары дүрбөлөңгө түштү.

XS
SM
MD
LG