3-майды Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү катары БУУнун Башкы ассамблеясы 1993 – жылы жарыялаган. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму буга байланыштуу ал басма сөздүн душмандары деп эсептегендердин жаңы тизмесин жарыялады. Чек арасыз кабарчылар “басма сөздүн жырткычтары” деп атаган тизмеге быйыл Кытай президенти Ху Цзиньтао, Иран президент Махмуд Ахмадинежад, орус өкмөт башчысы Владимир Путин да киргизилген. Тизмеде ошондой эле Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров, ооган талибердинин лидери молдо Омор да жүрөт. Чек арасыз кабарчылар белгилегендей, “басма сөздүн жырткычтарында” журналисттерди цезуралоо, түрмөгө салуу, уурдоо, кыйноо, эң жаманы өлтүртүп койгудай бийлик бар.