Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Түндүк Корея лидери Кытайга келгендей



Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Ким Чен Ирдики делген брондуу поезд бүгүн Кытайдын чек арадагы Даньдун шаарына барган. Бирок Түндүк Корея лидери Кытайдын аймагына киргени тууралуу эч бир расмий маалымат жок. Эгер ал Кытайга келгени ырасталса, бул Ким Чен Ирдин аркы төрт ичиндеги алгачкы сапары болот. Талаштуу өзөктүк программасынан жана коопсуздукка байланышкан башка маселелерден улам коңшусу Түштүк Корея менен мамилеси чыңалып турган Түндүк Корея учурунда экономикалык кризисти баштан кечирүүдө жана ал Кытайдан жардам алууну көздөп жатат деген маалыматтар болгон. Бээжин - Пхеньяндын башкы өнөктөшү катары каралып жүрөт.


XS
SM
MD
LG