Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери чукул жыйын өткөрөт


Бул тууралуу демилгелүү топтон билдиришти. Алардын маалыматына караганда Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Таалай Нуралиевдин дайындалышына нааразы болушуп жүзгө чукул кызматкер пикетке чыгышкан. Алардын төрт өкүлүн Убактылуу өкмөттүн аппаратынын Коргонуу, коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев кабыл алып, алардын арызын угуп бул маселени чечет деп Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаровго жиберген. А.Бекназаров Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилик кызматына өзүнүн талапкерин сунуштаарын, бул маселе жакын арада чечилерин билдирген. Анын жообуна канагаттанбаган башкармалыктын кызматкерлери азыр өздөрүнчө чукул жыйын өткөргөнү жатышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG