Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Бажы кызматы курал-жарак, маңзат катылган жай тапты


Бажы кызматынын басма сөз өкүлү Абдылда Малдыбаев көп өлчөмдөгү ок-дарысы менен курал-жарак, маңзат катылган жай Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын кыдырып жүргөн маалда табылганын билдирди. Анын айтымында, Чүй дарыясынын жээгинен алынган бул жүктү Казакстандын аймагына алып өтүү пландаштырылышы ыктымал. Азыр бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. 1-май күнү милиция кызматкерлери Токмок-Калиновка жолунун четинен баштыкка салынган куралдар табылганын кабарлаган. Апрель окуяларындагы кандуу окуяларда жүздөгөн курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен. Ички иштер министрлиги куралдарды өз эрки менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерилигин кутула турганын эскертип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG