Өлкөнүн эң таанымал оппозициячыл кыймылынын лидери Александр Милинкевичтин кечээги жарыясына караганда, ал келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин койот. Милинкевичтин Эркиндик үчүн партиясы Беларуста расмий каттоодон өткөн, бирок куугунтукка алынып жатканын утур-утур айтып келет. Милинкевич Лукашенкого буга чейин 2006-жылкы шайлоодо оппозициядан негизги атаандаш катары чыккан жана 6% гана добуш алды деп жарыяланган. Кыргызстандын мурдагы президентин калкалоого алган Александр Лукашенконун өкмөтүн АКШ бир кезде Европанын акыркы диктатурасы деп атаган болчу. Беларустагы президенттик шайлоонун так датасы азырынча белгисиз. Бирок өлкө мыйзамдары боюнча 2011-жылдын февраль айынан кеч өтпөөсү керек.