Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Иран Ормуз кысыгында жаңы маневрду баштайт


Ирандын деңиз аскерлери шаршемби күнү Перс булуңу менен Оман деңизинде сегиз күндүк аскерий машыгууларды баштайт. Ислам Иран Республикасынын деңиз флотунун командачысы Хабибулла Саяринин "аl-Alam” телеканалына айтышынча, аскерий оюндар “деңиз күчтөрүнүн коргонуу жөндөмүн көрсөтүш керек”. Ирандын куралдуу күчтөрү берегидей оюндарды тез-тез өткөрүп турат жана машыгуу маалында өлкөдө жасалган ракеталар сыналат.

Эки жума илгери эле Ирандын ыңкылапчыл корпусу дүйнөлүк маанилүү мунай жолу саналган Ормуз кысыгында төрт күндүк аскерий маневр өткөргөн.

XS
SM
MD
LG