Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

British Petroleum мунай куурун металл куту менен жапмак болууда


British Petroleum мунай компаниясы Мексика булуңунун түбүндөгү кара май куурунун оозун мүмкүн болушунча ылдам жапканга аракеттенүүдө. Кенден аккан мунай токтотулбаса, АКШнын түштүк жээги табигый-экономикалык кырсыкка кабылганы турат. Компаниянын маалымдашынча, ширетүүчүлөр кара май аккан куурдун оозуна бийиктиги 12 метр, салмагы 98 тонналык металл кутуну орнотуп, мунайды деңиз бетине кемелерге бурмак болушууда.

“Бритиш Петрелиумдун” жетекчилигинин айтышынча, буга дейре эч качан деңиз бетинен 1,5 миң метр тереңде мындай иштер жасалган эмес. Эксперттердин айтымында, эки апта мурда “Бритиш Петрелиумдун” платформасы жарылып, сууга чөккөндөн тарта күнүгө деңизге 750 миң литрден ашуун мунай төгүлүүдө.

XS
SM
MD
LG