Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Экс-өкмөт башчы Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда “Кыргыз газдын” мурдагы башкы директору Игорь Чудиновго Кылмыш Жаза кодексинин 171-беренеси “ишенип тапшырылган мүлктү орунсуз жок кылган жана өзүмдүк кылып алган”, 215-берене “Мыйзамсыз финансылык жеңилдикти алуу же сунуштоо”, 221-берене “ Коммерциялык жана башка ишканалардын кызматы аркылуу кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар коюлган.
Игорь Чудинов мурда жетектеген “Кыргызгаздын” жооптуу кызматкерлери “БишкекЭнергоКомплекс” ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып мыйзамсыз каржылык жеңилдиктерди сунуштоо жолу аркылуу “Кыргызгазга” 4 миллион 529 миң 143 доллар зыян келтирген. Өз кезегинде бул кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу аракети мамлекетке 3 млн. 713 миң 897 доллар чыгым алып келген.
Буга чейин Убактылуу өкмөт экс-премьер-министр Игорь Чудиновго издөө жарыялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG