Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыраткан декрет чыкты


К. Бакиев 16-апрелден бери үй-бүлөсү менен Минскиде баш калкалоодо
К. Бакиев 16-апрелден бери үй-бүлөсү менен Минскиде баш калкалоодо

К. Бакиевди экс-президент наамынан жана кол тийбестик укугунан ажыраткан декретке бүгүн кол коюлганын "Азаттыкка" Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты боюнча координатору Фарид Ниязов бышыктады. Анын айтымында декретте К. Бакиевди бийликтен Кыргызстандын эли кулатканы, 7-8-апрелде Бишкекте кан төгүүнү уюштуруп, ал өзү мыйзамдан сыртка чыкканы белгиленет.


- Бүгүн Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыраткан Декретке кол койду. Бул Декрет өткөн жумада Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган болчу. Бул декретте Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевди Кыргызстандын эли президенттик тактан кулатканын ырастайт деп жазылган. Экинчи пунктта Курманбек Бакиев тынч барган жарандарга каршы ок аттырып, өзүн экс-президент макамынан жана кол тийбестик укугунан ажыратканы айтылат. Үчүнчү пунктта Башкы прокуратурага К. Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келип, жоопко тартуу тапшырылган,- деп билдирди "Азаттыкка" Фарид Ниязов.


Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев дагы өз кезегинде К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган декреттин чыккандыгын "Азаттыкка" ырастады.

“Европадагы соңку өкүмдар” атына конгон Белорусия президентинен колдоо тапкан К.Бакиевди ошентип Убактылуу өкмөт кол тийбестиктен ажыратты. Бирок да жабык эшик артында кабыл алынган кезектеги декреттин ишке ашырылышы Белорусия президенти А.Лукашенконун кабак-кашына байланыштуу. Кедей өлкөдөн К.Бакиев эмнени уурдап чыкканына түшүнбөгөн “белорус батькасына” ошол эле Минск конвенциясына ылайык качкын президентти кайтарып берүү тууралуу сунуш жолдонорун А.Бекназаров 27-апрелде журналисттер алдында жарыя кылган.

А.Бекназаров ошондой эле элге каршы ок атуу фактысы боюнча жооптуу кызмат жетекчилеринин тогузуна кылмыш иштери ачылганын, алардын үчөө Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орунбасары Данияр Дунганов, мурунку коргоо министри Бактыбек Калыев, мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиев сурак берип жатышканын ырастаган.

Мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакиев, Нурлан Темирбаевге да издөө салынып, кармалса айыптары угузулмакчы. Соңку маалыматтарга караганда, мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго дагы “Кыргызгазды” жетектеп турганда башка ишканаларга мыйзамсыз каржылык жеңилдиктерди берип, мамлекетке миллиондогон зыян алып келген деген негизде кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG