Бул тууралуу "Азаттыкка" Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева телефон аркылуу Казакстан өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшкөн. Сүйлөшүүдө кыргыз-казак чек арасын ачуу маселеси талкууланган. Н.Назарбаев Кыргызстанда эл арасына бир топ курал-жарак тарап кеткени тууралуу маалыматы бар экени, мындан улам Казакстандын коопсуздугун коргоо максатында чек ара ачылбай жатканын айткан. Бирок сүйлөшүү соңунда чек араны ачууга макулдук берген. Э.Байсаловдун ырасташынча, бүгүнтөн тарта чек ара ачылууда. Алгач коңшу мамлекет менен иштеген бизнесмендер, андан соң бара-бара жеке адамдар Казакстанга өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Ал эми “Ак Жол” чек ара бекетинин нөөмөтчүсү чек ара жабык бойдон турганын, качан ачылаары белгисиз экенин "Азаттыкка" билдирди. Аталган чек ара 7-апрелден соң жабылган. (AiJu)
Ал эми “Ак Жол” чек ара бекетинин нөөмөтчүсү чек ара жабык бойдон турганын, качан ачылаары белгисиз экенин "Азаттыкка" билдирди. Аталган чек ара 7-апрелден соң жабылган. (AiJu)